Бишкектеги карылар интернат-үйүндө 204 чал-кемпир бар

Карылардын интернат-үйүндө учурда 204 киши бар. Алардын 40кы төшөктө жатат. Жалпы жашоочулардын 106сы – кемпирлер.

Май айынын акыркы үчүнчү жумасын “Энелер күнү” катары майрамдоо тууралуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы кол койгон. Быйыл бул күндү белгилөө 18-майга туура келет.

Бул күндү утурлай Бишкектеги бир катар кайрымдуулук фонддору жана жарандык активисттер Бишкек шаарындагы карылардын интернат-үйүндө болуп, ал жакта жашап аткан энелерге аз да болсо майрамдык маанай тартуулашты.

Интернаттын директору Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, учурда бул жерде 204 кары адам баш калкалап келет. Алардын кыркы төшөктө жатат. “Жашоочулардын 106сы бул улгайып калган энелер. Жыл сайын энелер күнүн белгилеп, бул жакта жашап аткан кары-картаңдардын көңүлүн көтөрүү үчүн түрдүү уюмдар келип турат. Быйыл да келип атышат. Албетте, кары адамдарга биринчи кезекте көңүл керек. Карыган адам бир нерсеге бат таарынып, кайра көңүлүн көтөрсөң жазылып кетет. Эми булардын мүнөзү кичинекей баладай болот”,-дейт ал.

Өзүн Жаркын деп тааныштырган эненин жашы 78де. Интернат-үйгө келгенине 4 жыл болгон. Эненин айтуусунда бул жерге келүүнү өзү тандап алган. “Балдарыма жүк болбоюн деп өзүм эле келдим. Жакшы карашат, ысык тамак беришет. Кароосуна нааразычылыгым жок”,- дейт ал.

Бирок эненин оор үшкүрүгү анын балдарына болгон сагынычын, кусалыгын сездирип турду. Чачын небак ак баскан эне таягына ээгин таяп, аларды куттуктап келгендерди алкап, батасын берип отурду.

Интернаттын директору Эркингүл Абдылдаева бул жерге жыргаган жашоодон тажагандар келбей турганын айтат. “Тилекке каршы, бүгүнкү күнү бул жердеги жашоочулардын жарымы мусулмандар. Тактап айтканда 70 киши мусулман. Алардын 61ы кыргыздар. Бул жерге туугандарынан, балдарынан жапа чеккендер, үйүн алдатып барар жери жок калгандар келет. Албетте, анан алардын мүнөзү да өзгөрөт. Бир нерсеге бат таарынат, ачуусу чукул болуп калат. Биз ушундай кары адамдардын көңүлүн көтөрүү үчүн түрдүү маданий иш-чараларды да кылып турабыз. Циркке барабыз, балдар үйлөрүнө барабыз”,- дейт ал.

Абдылдаева карылар балдар интернатына барганда кадимкидей чыйралат дейт. “Кароосуз калган балдар интернатына да барып турабыз. Бул алардын чыйралтат. Биз аларга айтабыз, “силерди туугандарыңар, балдарыңар карабай таштап кетсе, буларды энелери таштап кеткен. Силер турмуштун оош-кыйышын көрдүңөр, бул балдар турмуш эмне экенин да билишпейт”- десек, кээси чыйрала түшөт”,- дейт ал.

Маалымат үчүн:

Учурда карылар үйүндө 50 кызматкер эмгектенет. Алардын айлыгы 3 500 сомдон 10 миң сомго чейин.

Карылардын бир күндүк тамагына мамлекеттен 100 сом каралган. Бул деле үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап кошулган. Ага чейин бир күндө бир киши 55 сомдун тамагын иччү. Андан сырткары интернат-үйдө жашагандардын күнүмдүк дары-дармегине 6,5 сом каралган.

Расул Усеналиев, “Кабар ордо”, 18.05.14

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *