Карылар үйүндө жашап жаткан карыялар балдарынан алимент өндүрүп алса болот

karylar_uyu

Бишкектеги Абай атындагы көчөдөгү Карылар үйүндө 200гө жакын адам жашап келет. Алар турмуштук ар кандай жагдайлардан улам бул жакка келүүгө мажбур болгондор. Ал эми арасында балдары, неберелери бар туруп, мында жашагандар да бар. Мыйзам боюнча деле балдары ата-энени багууга милдеттүү деп жазылган. Эгерде баласы карабай кеткен болсо, ата-эне мыйзам жүзүндө алардан алимент өндүрүп алууга акысы бар.

Эркингүл Абдылдаева, Бишкектеги Карылар үйүнүн директору:
“Ата-энесин Карылар үйүнө өткөрүп салыш бизге жат дечү элек. Азыр андай болбой баратат”

direktor— Ата-энесин карылар үйүнө берип салуу бизге жат көрүнүш дечү элек. Акыркы учурда андай болбой, карылар үйүндө багылгандар, анын ичинде кыргыздар да көбөйүп баратат. Алсак, мындагы 200 адамдын 60ы кыргыздар. Мындагы кары адамдарга өкмөт 3 маал ысык тамак берет, буга кошумча дагы бир маал шам-шум этме берет, жашаган бөлмөсү, коммуналдык жана санитардык-гигиеналык жактан акысыз тейлейт.

Бирок өкүнүчтүүсү—улгайган атасын же энесин же жакын адамын үйүндө бакпайт дагы, мамлекеттин карамагына өткөрүп салышып, ал эми пенсия алаар маалда кайдан-жайдан туугандары, балдары, неберелери же тааныштары, кошуналары пайда боло калышат. Ошондо келишкенине ыраазы болушабы, айтор, пенсиясын кармата бергендери да бар. Кары-картаң адамдар мында пенсиясынын 70 пайызын алышат, ал эми калган 30 пайызы буларга чектелбей, кармалып калат. Карылардын көбүнүн ден соолугу жакшы эмес, өнөкөт дарттары бар. Дары-дармекке мамлекет айына алты сомдон бөлүп берчү, ноябрь айынан бери 12 сом 50 тыйын болду, бул абдан эле жетишсиз.  Фармкомпанияларга кайрылып, дары-дармек алып турабыз.

“Күнөө жалаң эле балдарымда эмес, өзүмдө да бар…”

Карылар үйүнө ар түркүн тагдыр менен келип калгандар, анын ичинде балдары туруп мамлекеттин багуусуна өткөрүлгөндөр да бар. Анда ошондой тагдырга туш болгондордун баянын угуп көрөлү. Алардын өтүнүчү боюнча аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.

70 жаштагы Салый Урумбеков бул жакка келген жайын минтип түшүндүрдү:—Менин үч кыз, бир уулум бар. Бирок балдарым кичине кезинде эле, жыйырма жылдай болуп калды, алардын энеси менен ажырашып кеткем. Алы-күчүм барында, жашыраак кезимде иштеп, кор болбой эле жашап жаттым. Пенсияга жакындап калганымда же жумуш жок, же жашаган үйүм жок, эмне кылаарымды билбей калдым. Пенсияны араң дегенде жашым келгенден, үч жылдан кийин документтерин толуктап, ала баштадым. Бул учурда мени оору-сыркоо басып, полиартрит дарты күчөп, сөөктөрүм сыздап, колум карууга келбей калды. Бир көзүм да көрбөй, экинчиси элес-булас эле көрөт. Кара басып, ошол тушта ата-энемдин конушунда калган иним да кайтыш болуп кетти.

Бир тууганыңдын көзү өткөндөн кийин, анын аялы менен бир короодо жашай албай, акыры чыгып кеттим. Шаарда дагы бир тууганым бала-чакасы менен турат. Бирок көп кабаттуу тамдагы квартирага алар менен кантип жашамак элем? Анын үстүнө мен өмүр бою тоодо өскөн киши болсом. Ал иним да оор дартка кабылып, балдарынын көзүн карап калган. Акыры кыйналып кеткенде, жоро-жолдошторум “ушул жакка баргының” дешти. Иним бул жакка документ чогултуп, жеткирип койду. Бизди өкмөт багып жатат. Пенсиябызды алабыз. Үч маал ысык тамак, кийим-кечебизди жууп, мончого барып турабыз. Бир ай айланбай үйрөнчүк чач тарачтар келип, “Ата, чачыңды алып берейин” деп турушат. “Ой, каягына аласың, чачым өсө элек” десем деле, болушпайт. Баары эле жакшы…

Бир гана –балдарым келип-кетип турса, неберелеримди жыттап турсам деп тилей берем. Кээде балдары, неберелери келген кишилерге суктанып кетем. Айрымдар бул жакта же башка жерлерде кароолчу ж.б. жумуштарда иштеп, кошумча акча табышат. Мага кээде иним келет. Аялым балдарыма “алкаш атаңарга эмнеге барат элеңер” деп койсо, келбей атышат окшойт. “Алкаш” дегидей, ашынып ичип кеткендерден эмесмин. Тойлордо, айлык алганда ичип койчумун, бирок арактын артынан кууп кеткен эмесмин. Балдарымды эмнеге күнөөлөйт элем, күнөө өзүмдө да бар деп ойлоп коём. Жашыраак кезимде балдарыма мээримимди төгүп же жардам бере албай калдым. Кээде уулумдун окуу жайына барып, акча берип койчумун. Бирок аны уулум эстебейт деле окшойт. Ал эми кыздарыма эч нерсе деп айта албайм. Колунда болсо, барган жери жакшы чыкса, атам бар эле деп эстеп келээр деп жаман үмүткө жетеленем…

Гүлзыйнат Карабаева мындай дейт: —Союз убагында күйөөм экөөбүз Москвага чейин барып, заводдо иштеп, акчаны жакшы эле тапчубуз. Эки уулум, бир кызым бар. Күйөөм каза болгондон кийин уулум үйдүн документтерин сурады. Жаман оюм жок, документин берип койсом, ал кудай аткыр тамды сатып жибериптир. Баңгизатка берилип кеткенби же карызга батканбы, айтор канчалык чуркасам да, кайтара албай калдым. Үйдү өзүм саткам демиш болуп, элге билдирбей, айылдагы атамдын тамында жашап турдум. Келиним мен турган кичине тамга алма сактайт элем деп, ар нерсесин коюп, мени көп көрүп, жашоого мүмкүн болбой калганда, ал жактан кетүүгө туура келди.

Экинчи уулум менен жашайын десем, анын аялы да жакшы чыкпай калды. Кызым Якутияга иштеп, акча таап келгени кеткен. Ал менин бул жакта экенимди билбейт. Үйүм болгондо эле эмне, 5000 сом пенсиям менен өзүмдү жана неберелеримди да багып бермекмин, бирок минтип оорулуу болуп калдым, кан басымым көтөрүлөт, инсульт болгом. Ар нерсени ойлонуп, убайым жегенденби, айтор алым жок. Жашымды сурагандарга 75темин деп коем, чынында 65 жаштамын.

Балдар улгайган ата-энесин багууга милдеттүү

Бул тууралуу мыйзамда да жазылган. “Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга юридикалык жардам берүү” коомдук фондусунун адиси Аскат Байматов КР Үй-бүлө кодексинин 92-беренесинде ата-энесине каралашуу боюнча бойго жеткен балдардын милдеттерин эске салды:

  1. Эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.
  2. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо жардамга муктаж болгон, эмгекке жөндөмсүз ата-энеге бойго жеткен, эмгекке жөндөмдүү балдарынан алимент сот тартибинде өндүрүлүп берилет.
  3. Ар бир баладан өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ата-энесинин жана балдарынын материалдык жана үй-бүлөлүк абалына жана тараптардын көңүлгө алынуучу таламдарынан келип чыккан, ай сайын төлөнүп турууга тийиш болгон туруктуу акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.
  4. Алименттердин өлчөмүн аныктаганда сот ошол ата-эненин эмгекке жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын баарын, бардык балдарына, алардын ичинен бирөөнө же алардын бир нечесине карата коюлган талапка карабастан, эске алууга укуктуу.
  5. Эгерде ата-энесинин ата-энелик милдеттеринен баш тарткандыгы сот тарабынан аныкталса, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өз ата-энесин багуу милдетинен балдары бошотулушу мүмкүн. Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелерге балдары алимент төлөөдөн бошотулат.

Бирок ата-эне да балдарын бакпай койсо да сотко бербей, тескерисинче Карылар үйүндө жашаса да, аларды кыйбай, пенсиясынан каралашып жүргөнү жүрөк оорутпай койбойт.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Айгүл Бакеева, Полит Клиника, 03.12.2015

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *