КАРЫСЫН СЫЙЛАГАН УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Мен үчүн карылар үйүнө барыш абдан оор болду. Эмнегедир ал жактагы кары-картаңдарды көрүп Таалай Бектургановдун «Ата-эне» деген ырындагы саптар эске түштү.

«Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсо дагы ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эминеге?» 

Ал жактагы турмушу оор ата-апаларды кээ бир биздин атка минерлерибиздей карыялар күнүндө эле эстеп тим болушаары ырас. Деги бул жерде чыныгы абал кандай? Бишкек шаардык карыялар үй-интернатына жаңы эле жетекчи болуп дайындалган Абдылдаева Эркин Курманалиевна менен ал жактагы жашоо тууралуу сөз кылууну туура таптык.

— Эркин Курманалиевна, адегенде сиз жетектей баштаган карылар үйүнүн тарыхына токтолсок.
— Карылар үй-интернаты түзүлгөндүгүнө 50 жылдан ашык болуптур. Башында ар кандай министрликтерге баш ийип жүрүп, акыры азыр социалдык коргоо министрлигинин карамагына бекитилди.

— Жаңы дайындалыпсыз, кандайдыр бир алдыга койгон максаттарыңыз болсо керек…
— Жетекчи болуп келгениме бир жарым ай болду. Бул жерге түшкөн карыя-кемпирлердин тагдыры өтө кыйын, бардыгы кандайдыр бир үй-бүлөсүнөн жабыркаган, балдарына таарынган же ушундай бир ар кандай тагдырлар менен келишет. Бул үйдүн босогосун аттаган соң калган жашоосу татыктуу болуш керек деген ойдомун. Бул үчүн мен болгон аракетимди жумшайм. Албетте, өздөрүнүн үйүндөгүдөй болбойт, а бирок мүмкүн болушунча жакшы шарт түзүп берүү максатын көздөп турам. Буларга эми эң негизгиси көңүл да. Мисалы, туулган күндөрдө куттуктап гүл ыйгарып, белек берип сүрөткө түшүрүп, андан сырткары атайын бурчун даярдап, радиого берип дегендей. Мындай дегеле тарыхта болбоптур бул жакта. Мурунку жетекчиликтин иштери жок эле үйлөнөбү, төрөлөбү, өлөбү өз билгендерин кылып жүрө беришчү экен. Өздөрүн керектүү сезип калышты, андан сырткары дежурство деген жок экен, каалаганы кирет, каалаганы чыгат. Азыр аны да уюштуруп, график түзүп берип, колдоруна журнал берип койдук. Жуунуп-таранып жумушка келгендей кирип-чыккандын баарын каттап жазып беришет. Ошого абдан өздөрү сүйүнүшөт, жаш баладай чуркап келип отчет беришип, рахматын айтышат. Жакында эле гүл алып келип олтургуздук да кайра өздөрүнө бөлүп берип, жакшы баккандыгы үчүн деп алдыда сынак өткөрөлү деп турабыз. Бүгүн болсо өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арнап атайын сынак жарыялап «Эң жакшы бөлмө» деп ыр-майрам өткөрүп жатабыз.

Пландар көп, территория абдан чоң, спонсорлор табылса дагы бөлмө салдырып, медициналык борбор кылсам деп турам. Буюрса алма, жүзүм тигип, жер жемиш, жашылча эгип койсок деп даярдап жатабыз жерди.

Азыр үстүртөн оңдоо иштерин жүргүздүк, капиталдык ремонтко каражат жок, ага чоң күч керек экен.

— Соңку жылдары кароосуз калгандардын саны, тилекке каршы, арбын. Бул жакта канча карылар бар жана басымдуулугу кайсы улуттагылар?
— Тизме боюнча 240 экен, жай мезгили болгондуктан балдары, туугандары алып кеткендер болот экен, азыр бул жерде 217 киши турат. Анын ичинен 113ү аялдар, 104үн эркектер түзөт. Орус улутундагылар көп, 41и кыргыз жана 21и ар кандай улуттун өкүлдөрү, а калгандары орус улутундагылар.

— Көбүнчө жалгыз бой адамдар көп келет эмеспи, жашы өтүп калса да ушул жактан табышып, баш кошуп калган фактылар кездешеби?
— Сөзсүз түрдө андай көрүнүш бар. Көңүлдөрү келип үйлөнүп алышат, аларга өзүнчө бөлмө бөлүп беребиз. Жакында эле абышка-кемпирибиз үйлөнүштү, аларга белегибизди тапшырып, өзүнчө бөлмөгө бөлүп койдук.

— Каржылоо маселеси кандай, жылына канча каражат бөлүнөт жана алар эмнеге жумшалат? 
— Финансылык жагын толугу менен жергиликтүү орган, мэрия каржылайт. Бир кишиге айына 10 миң сом бөлүнөт. Андан бир айлык тамак-ашына, свет, ысык суу, муздак суу, коммуналдык кызмат, андан сырткары бул жакта эмгектенген кызматкерлерге болуп отуруп бир кишиге 10 миң сомдон тиет экен.

— Өзүңүз көп жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келиптирсиз, кандай айырмачылыктары бар экен?
— Ооба, мугалим болуп 33 жыл эмгектендим, студенттериме жүрөгүм ооруп бул деле бирөөнүн баласы, окуп алсынчы, кичине болсо дагы билим алсынчы деп кулатпай, жардам берип окуусун бүтүрүп коёюн деген боорукерлик сезим болот. Бул жерде деле ушундай сезим, өздөрү карыган адамдар болгону менен наристедей таарынчаак болушат, эч кимиси жок болгондуктан ар бири көңүлгө, мээримге муктаж. Албетте, жаштар менен шайыр, башкача нукта аларды келечекке умтулууга тарбиялап келсем, а бул жакта тескери процесс.

Абдрасулов Эсенбек, 73 жашта:
— Бул жерде 5 жылдан бери жашайм. Мурдагы жетекчибиз иштегенине 20 жыл болгон. Кетүүсүнүн себеби бул жактагы жашоо начарлап кеткен. Эл нааразы болуп арызданып, акыры администрация толугу менен кетүүгө дуушар болгон. Ал кезде тамак-аштары начар, келген гуманитардык жардамды администрация өздөрү бөлүшүп алып жүрдү, улут улутка бөлүп, кыргыздарга кысым жасаган фактылар да болгон. Эң кейиткени, кыргыздарды койго теңеп, мен өз жеримде туулуп, өз элимдин бетине түкүрткүчө менин эки көзүм куюлуп түшүп калсын, жол бербейм мындайга деп ант бергем өзүмө. Кемпир зордуктоо да болду, 74 жаштагы Ризакова дегенди уруп, зордуктаган мыкаачы азыр тергөөдөн качып жүрөт. Мен бир нече жолу директорго бул маселе боюнча кайрылганмын, баарын билип жүрүп чара көргөндүн ордуна кайра аны эмнегедир коргоп жүрдү. Жаңы директор келгени 20 жыл кароосуз калган жер тазаланып, элдин жашоо-турмушу оңоло баштайт деген ишеним чоң. Элдин маанайы жарык боло баштады.

Жумабаева Айымбүбү, 60 жашта:
Оор турмуштун азабынан жолдошум экөөбүз тең 6 жылдан бери ушул жердебиз. Жолдошум да, мен да инвалидбиз. Жалгыз уулум сууга агып кетип, сөөгүн ошол бойдон таппай калдык. Кызым бар, өз алдынча турмушун куруп, бала-чакасы менен. Тоскоол болбоюн деп үйүмдү жалгыз кызыма таштап бул жерге келе бердик. Кезегинде юридикалык бөлүмдө окуп жүрүп, күйөөгө тийип окууну таштап салгам. Кийин балдарымды багыш үчүн вахтер болуп иштеп жүрдүм, Сары-Жаз деген алтын чыккан жерде иштеп жүрүп пенсияга чыктым. Тирегим болгон жалгыз уулумду жоготкондон кийин эле ыйлай берип алдан кетип, ден соолуктан тайыдым, ый деген баардыгынан кемитип коёт тура.

Баба Света:
Карылар үй-интернатына жубайым экөөбүз келгенибизге 6 жылдын жүзү болду. Бул жерде жашоо-шарты кандай болсо азырынча ошондой эле. Жетекчилик жаңы эле алмашты эми күтөбүз да. Тамак-ашы кичине аксайт, эми жакында жакшыртабыз, көбөйтөбүз деп жатышат. Өзүм инвалидмин, күйөөм инсульт болуп баспай калган. Ошондон улам айыл өкмөткө арыз жазып өзүбүз эле келдик. Петровкада балдарым бар, келип турушат, кийим-кече, тамак алып келишет. Балдарыбыз менен жашаганды каалаган жокбуз. Эми алардын бала-чакасы, неберелери бар, анысы аз келгенсип биз да жүк болгубуз келген жок.

Баба Люба, 67 жашта:
Менин жолдошум мындан 10 жыл мурда каза болгон. Жалгыз кызым бар, 20 жылдан бери Ямалоненецк автономиялык округунда жайгашкан Ноябрск шаарында турат. Ошол жерден турмуш куруп балалуу болду. Мындан бир төрт жыл мурда жыгылып жамбашым сынган. Операция туура жасалбай сол бутум кыска болуп аксап калдым. Кызым алып кетем деди, бирок ал жактын абасы мага оор болду. Ошентип бул жерге келип калдым. Кызым жазып турат, акча салып жиберет.

Токобай Темиров:
Мен да силердей болуп азыркы «Кыргыз Туусу» анда «Советтик Кыргызстан» деген гезитте иштедим эле. 19 жыл бою автобазанын директору болуп иштедим. Мындан 6 жыл мурун аварияга дуушар болуп ошондон улам бул жака келип калдым. Аялым каза болуп калган, а кишинин көзү бар болсо бул жакта болбойт элем. Балдарым бар, баары жогорку билимдүү, келип кабар алып турушат. Каршы болгону менен өздөрү кабат үйдө бала-чакасы менен турушса, алар менен болгум келбеди.

Кыргызстан эгемендикти алганына 20 жыл болуп, быйыл өзгөчө салтанат менен белгиленди. Ошол 20 жыл ичинде кыргыз эли кандай гана оор турмушту башынан кечирбеди. 2005-жылы болуп өткөн окуялардан соң элибиз жаңы өнүккөн өлкөдө жашоо ишеними чоң эле. Тилекке каршы, элдин жашоо-турмушу оңолмок турсун Президентибиз уулу, бир туугандары менен кошуп өлкөбүздү сызга отургузуп, анысы аз келгенсип жалданма өлтүргүчтөрдү жалдап 80дей эр-азаматтарыбызды аттырып, элибизди ыйга батырып кете берди. Алдыда дагы бир президенттик шайлоо, болгондо да тарыхта калчу шайлоо турат. Ага чейин элибиз татыктуу, өлкөбүздү гүлдөтүп-өркүндөтүп кете алган президентти ушунча (!) талапкердин арасынан тандап алат деп үмүттөнө туралы. Ошондо эл турмушу оңолуп, жогорудагыдай кароосуз калган карыларыбыз болбой, жок дегенде алардын түйшүктөрү жеңилдээр беле…

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА, «Кыргыз руху», 02.09.2011-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *